7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте айыл тургундары имамга унаа белек кылышты

711

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Лейлек айылындагы “Лейлек» мечитинин имам-хатиби Марат кары Кубатбек уулуна аталган айылдын жашоочулары Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Иш-чарага Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов катышып, төмөнкүлөрдү билдирди:

«Сиздердин имам жаш экенине карабастан дин үчүн зор мээнет кылып келет. Айыл эли тарабынан берилген унаа абдан кубанычтуу жаңылык болуп отурат. Берген белегиңиздер имамдын ишин жеңилдетип, Жараткандын ыраазычылыгы үчүн талыкпай кызмат кылууга дем-күч берет. Баарыңыздардан Аллах ыраазы болсун. Кызматыбыз Жараткандын ыраазычылыгы үчүн гана болсун» ,-деди ал.

Белгилей кетсек, айылдык имам Марат кары жаш болгонуна карабастан дин исламга кызмат кылып, жаш муундарга Куран үйрөтүү жаатында алгылыктуу иштерди аткарууда. Анын шакирттери Куран жаттоо боюнча ар кандай кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келет.

Ал эми имам эмгегин баалап, унаа белек кылган айыл элине, жамаатына жана ишкер тургундарга терең ыраазычылык билдирди.

 

712