7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды

508

Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган багыттагы алгачкы учак күн мурун «Манас» эл аралык аэропортунда келип конгон. Жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз каттамдары Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан ыңгайлуу Airbus A320neo учагында аткарылат.

Жаңы каттам боюнча жүргүнчүлөр жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү уча алышат.

«Манас» эл аралык аэоропортунда Кытайдын Пекин шаарынан учуп келген биринчи учакты салтанаттуу түрдө тосуп алуу иш-чарасына Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, КР Жарандык авиациясынын директорунун орун басары Канат Төлөгөнов, «Манас» эл аралык» ААК коммерциялык директору Сатыбек Каныбеков, Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башкы директору Му Сюхонг катышты.

Пекинден Бишкекке биринчи каттам менен 90 жүргүнчү учуп келип, Бишкектен Пекинге 150 жүргүнчү учуп кеткен.

 

509