7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ички иштер министрлигине унаалар тапшырылды

606

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине автоунааларды тапшыруунун расмий аземине катышты.

МинКаб төрагасы өз сөзүндө баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү укук коргоо органдарынын гана эмес, жалпы коомчулуктун милдети экенин белгиледи.

“Баңги заттардын бардык түрлөрү адамдын ден соолугуна орду толгус зыян келтирет. Алар адамдын өмүрүн жана үй-бүлөсүн алып, коомдун коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурат. Ал менен күрөшүүдө коомдун кайдыгер эместиги маанилүү, ар бир адам баңги заттын зыяндуулугу тууралуу маалыматты жайылтууга салым кошо алат”, – деди Жапаров.  

Ал ошондой эле Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко баштаган Россия Федерациясынын өкмөтүнө ыраазычылык билдирүү менен, берилген жардамдын аркасында Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин потенциалы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулаарын кошумчалады.

 

607