7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Йакын-Инкардын» 14 мүчөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилди

589

Баткен жана Кызыл-Кыя шаарлары, Баткен жана Кадамжай райондорундагы «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн үйлөрүнө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бул мыйзамсыз аракеттер коопсуздук органынын мурда жарыяланган расмий эскертүүлөрүнө карабай жасалган. Алардын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, чоң көлөмдөгү диний адабияттар (китептер — 120 даана, брошюралар — 160 даана, баракчалар — 50 даана, дептерлер — 20 даана, уюлдук телефондор — 15 даана) табылып алынды, алар теологиялык экспертизага жөнөтүлөт.

«Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын 14 мүчөсү УКМКга жеткирилди, экстремисттик топтун лидери аталган 1983-жылы туулган И.З.А. Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул аймактагы кошумча кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

590