Бишкек жылуулук электр борборундагы окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ-ТЭЦ) кызмат адамдары кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгынан жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан 2024-жылдын 2-февралында болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги жабдуусунда жарылуу болгон.
Натыйжада ЖЭБдин 5 жумушчусу ар кандай жаракат алышып, медициналык мекемелерге жеткирилген.
Ошону менен бирге, Бишкек шаарындагы турак-жайларды, мекемелерди, ишканаларды жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу), 317-беренеси (магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү УКМКга тапшырылды.
Аталган окуя боюнча террордук акт жана диверсия белгилери аныкталган жок.