7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте бардык аялдамалар бир типте болот

612

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы жаңы аялдама комплекстеринин долбоорлорун бекитти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындан ары борбордогу бардык аялдамалар бир типте болот. Буга чейин аялдамаларды реконструкциялоо долбоору пилоттук режимде ишке киргизилген.

Борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн аялдамалар кышында жылытуу, ысык мезгилде кондиционер системасы менен камсыздалган. Ошондой эле аялдамаларда коомдук транспорт каттамдары көрсөтүлгөн стенд болот.

Мындан тышкары, ар бир жаран Wi-Fi тармагына туташып, интернет кызматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Аялдамалар эки типте болот, бири 10-12 метр, экинчиси чоңураак, аларды негизги көчөлөргө жана проспекттерге орнотуу пландалууда.

Белгилей кетсек, бекитилген долбоор боюнча аялдама курууну каалагандар Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине кайрылып, кеңеш алса болот.

 

613