7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

567

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, иш сапары менен Россия Федерациясына учуп кетти.

Мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча боло турган сапардын алкагында Казань шаарында өтүүчү «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

568