7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто подполковник пара алып жаткан жеринен кармалды

1049

Ошто подполковник пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин (пара талап кылуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Ош шаарынын №1-ШМБ башчысы милициянын подполковниги «Т.Т.М.» кармалды.

Такталган боюнча, №1-шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси базар ишкерлеринен 6 миңден 7 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.

«Кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда, мурда пара катары берилген акча каражаттар табылып алынды. Кармалган дам КР Ош шаардык жана Ош облусттук УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө»,  — деп берилет маалыматта.

1050