18-мартта өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Талас жеринде +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көл облусунда +5…+10, Нарын чөлкөмүндө 0…+5 градусту көрсөтөт.
Ал эми, Бишкек менен Ош шаарларында +16…+18 градуска жетери айтылды.