7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ымыркайын таштап, дайынсыз болуп жаткан келин табылды

450

Ош шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча издөөдө жүргөн келин Бишкектен табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.

Милиция тарабынан мурда издөөдө жүргөн Ош шаарынын тургуну Сахибохон Кочкарова Бишкектен табылып, туугандарына өткөрүп берилди. Ал 2023-жылдын 28-декабрь күнү жаңы төрөлгөн баласын тууганынын үйүнө таштап, үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.

Табылган аял өзүнүн издөөдө жүргөндүгүн билип, борбор калаадагы тигүү цехтеринин биринде жашырынып иштеп жүргөн. Ал үйдөн кайын журтунун моралдык басымына чыдабай чыгып кеткендигин айткан.

 

451