Ош шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча издөөдө жүргөн келин Бишкектен табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.
Милиция тарабынан мурда издөөдө жүргөн Ош шаарынын тургуну Сахибохон Кочкарова Бишкектен табылып, туугандарына өткөрүп берилди. Ал 2023-жылдын 28-декабрь күнү жаңы төрөлгөн баласын тууганынын үйүнө таштап, үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
Табылган аял өзүнүн издөөдө жүргөндүгүн билип, борбор калаадагы тигүү цехтеринин биринде жашырынып иштеп жүргөн. Ал үйдөн кайын журтунун моралдык басымына чыдабай чыгып кеткендигин айткан.