7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн»: Ишенгүл Болджурова – Өлкөгө сырттан инвестиция тартуу өтө кылдат даярдалган аракет болуп жатат

446

2024-жылдын 28-апрелинен 4-майга чейинки окуялар тууралуу КР элчиси, мурдагы билим берүү министри, Кыргыз улуттук университетинин мурдагы ректору Ишенгүл Болжурова менен маек.

– Кыргызстан үчүн сырттан инвестиция тартуу – өтө маанилүү маселе. Акыркы убакта мындай иштерге Тышкы иштер министрлиги жигердүү катышып, жол баштап жатат, андан соң маселе жогорку саясий деңгээлде, кээде президенттин катышуусу менен чечилүүдө, аягында болсо сүйлөшүлгөн иштер өкмөттүн деңгээлинде ишке ашырылат. Акылбек Жапаров 2-3-майда Ташкенге барып, президент Мирзиёев менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу сүйлөштү. Аны менен катар Ташкенде ал Франциянын «Электрисите де Франс» компаниясынын жетекчиси Марк Жирар жана Эмираттардын «Масдар» ишканасынын башчысы аль Рамахи менен Камбарата-1 ГЭСин куруу маселесин талкуулады, кыргыз элчилигинин жаңы имаратын ачты. Садыр Жапаров болсо 29-апрелде Кыргызстанда «Үч чоку» туристтик кластерин өнүктүрүүгө арналган жумуш жыйынын өткөрдү, ага Франциянын «Сосайот де тройс валли» (S3V – Société de Trois Vallees) компаниясынын баш директору Паскаль де Тьерсан катышты…

– 2-май күнү Сузактагы Жергетал айылынын Катмы жайлоосунда мектеп окуучулары «Манас» айтып жатканда жүк ташуучу машине тоодон ылдый кокустан жүрүп кетип, 34 бала жана бир мугалим жаракат алды. Ага чейин, 25-апрелде, Оштун борбордук аянтында 3 миң бала биригип, Манас айткан. Сузактагы кырсыктан кийин мектеп окуучулары, деги эле жаш балдардын катышуусундагы баардык массалык иш-чаралар токтотулду, анткени чындап эле «Манас» айтууну эстрадага айлантып кереги жок. Үч миңге чейин жаш баланы чогултуп, эпос айттыруудан патриоттуулук эмес, башка сезимдер пайда болушу мүмкүн, анткени көп учурда мындай иш-чаралар отчёт үчүн гана жасалат. Андан тышкары, Эмгек министрлиги – адистик окутуу департаментин түзүүнү сунуштады, өлкөдө 12-жылдык орто билимге өтүү башталды…

– Биринчи май – Жумушчулардын укугун коргоо жана алардын тилектештик күнү, бирок Кыргызстанда бул күн акыркы мезгилде жөн эле майрам жана эс алуу күнүнө айланып кетти. Чындыгында болсо, бул күнү жумушчулар өз укуктарын коргоп, иш берүүчүлөр алдына талап коюп, профсоюз уюмдарын иштетүүгө аракет кылыш керек. Мамлекеттик эмес уюмдарда азыр Кыргызстанда профсоюздар башынан бери жок, КЗОТтун нормаларын алар карманбайт, отпуск же бюллетень үчүн акча төлөбөйт, Жумушчулардын эл аралык тилектештик күнүндө ушундай маселелерди көтөрүү керек эле… Ушул сыяктуу маселелер 8-мартта аялдар укуктары менен байланыштуу дагы көтөрүлүүгө тийиш, ал эми 1-июнда – балдар укуктары кантип корголуп-сакталып жатканы тууралуу сөз кылган жакшы…

Негизги окуялар:

– 2-3-май күндөрү Акылбек Жапаров Ташкен шаарында эл аралык инвестициялык форумга жана өз ара кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиянын 11-жыйынына катышты жана Кыргызстан элчилигинин жаңы имаратын ачты.

– Ташкенде Акылбек Жапаров президент Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу, Камбарата-1 ГЭСи менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселелерин талкуулады.

– Ошол эле маселелер боюнча Акылбек Жапаров Ташкенде Франциянын «Электриситé де Франс» компаниясынын жетекчиси Марк Жирар, Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкыныны президенти Одиль Рено-Бассо жана Эмираттардын «Масдар» ишканасынын башчысы аль Рамахи менен жолукту.

– Президент Жапаров 29-апрелде «Үч чоку» туристтик кластерин өнүктүрүүгө арналган жумуш жыйынын өткөрдү, ага Франциянын «Сосайот де тройс валли» (S3V – Société de Trois Vallees) компаниясынын баш директору Паскаль де Тьерсан катышты.

– Көмүскө киреше жана мүлктү легалдаштыруу мөөнөтү жылдын аягына чейин узартылды. Мурда ал 1-июлга чейин деп белгиленген.

– Ноокат жана Ысык-Көл шайлоо чөлкөмдөрүндө кезексиз шайлоо 30-июнга дайындалды. Жогорку кеңештеги бош орундар – депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу менен Максатбек Сарбагышев мандаттарын тапшыргандан кийин пайда болгон.

– Биринчи майдан тартып электр энергиясына болгон баа жогорулады, айына 700 кВт-саатка чейин колдонгондор эми ар бир кВт-саат үчүн 1 сом 11 тыйындан төлөйт, андан ашык колдонгондор үчүн баа 2 сом 39 тыйындан болду.

– Кечээ күнү, 3-майда, Басма сөз эркнидигинин дүйнөлүк күнү белгиленди, аны менен байланыштуу, Париждеги «Чек арасыз репортёрлор» деген уюм дүйнөлүк рейтинг жарыялады, Кыргызстан анда 120-орунга коюлуптур, Борбор Азиянын баардык башка өлкөлөрү жана Орусия дагы Кыргызстандан артта.

– Бишкектеги «Ынтымак» паркында «Ы» тамгасына эстелик тургузулду. Эң кызыгы – бул эстелик «Российская газетанын» көмөгү менен Орусиянын Екатеринбург шаарында жасалыптыр.

 

– Сузактагы трагедиядан кийин мектеп окуучулары, деги эле жаш балдардын катышуусундагы баардык массалык иш-чаралар токтотулду. Нарында дагы «Манас» айтылмак экен…

– 2-май күнү Сузактагы Жергетал айылынын Катмы жайлоосунда мектеп окуучулары «Манас» айтып жатканда жүк ташуучу машине кокустан тоодон ылдый жүрүп кетип, 34 бала жана бир мугалим жаракат алды. Президенттин сунушу менен 10 бала Бишкекке жеткирилди.

– Эмгек министрлиги – адистик билим берүү департаментин түзүү сунушу менен чыгып, аны коомдук талкууга койду.

– Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандын билим берүү системасын бекемдөөгө $10 млн доллар бөлүүгө макул болду.

– Улуу Британия Кыргызстанда 19,5 млн долларлык инвестициялык фонд ачмай болду.

– Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналган Бишкектен Күрмөнтүгө чейин мотожүрүш уюштурулду, ага Орусиянын Петербургунан келген коноктор дагы катышты.

– Тышкы иштер министрлиги – орчундуу себеп болбосо, Орусияга баруудан кыргыз жарандарын карманууга чакырды.

– Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун Орусиянын Петербург шарында өткөн жыйында айтканына караганда – 1970-жылдан бери Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 16 пайызы жоголуптур.

– Эл акыны Жолочу Рысбаев 75 жашында дүйнө салды.

 

– Май айынын башында Кыргызстан эли 5 күн эс алды, деги эле май айы майрамга бай экен: 1-май – жумушчулардын күнү, 5-май – Конституция күнү, 9-май – Жеңиш күнү, 29-май – Куралдуу күчтөр күнү.

– Биринчи май – Жумушчулардын эл аралык тилектештик күнү болгону менен, Кыргызстанда ага көп деле көңүл бурулбайт, 1-май – жөн эле эс алуу күнү катары кабыл алынат.

– Өтүп бараткан аптада Бишкекте «Джаз – Бишкек – жаз» деген 19-фестиваль болуп өттү, ага Италиядан, Өзбекстан, Казакстан, Түштүк Корея, Португалия, Австриядан келген коноктор катышты.

– Кыргыз консерваториясында Берки Тамаша жана Петер Сарик трио деген мажар джаз тобунун концерти болуп өттү.

– Андан тышкары, Бишкекте «Жаз-24» деген айыл-чарба жарманке-фестивалы ачылды.

– Бириккен улуттардын Балдар фондунун – ЮНИСЕФтин – Кыргызстандагы өкүлү болуп непалдык жигит Самман Джунг Тапа дайындалып, Бишкекке келип, иштей баштады.

– Президент Садыр Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын өкмөт башчысы Чжао Ганды жана аны менен келген адамдарды кабыл алды жана аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Кытай өкүлдөрү менен Акылбек Жапаров дагы жолукту.

– Бишкекке Ага-хан фондунун маданият боюнча баш директору Луис Монреаль келип, аны менен Акылбек Жапаров жолукту.

– Бегалы Наргозунун «Жылкычы чымчык» деген көркөм тасмасы Франциянын Ницца шаарындагы фестивалда 15-май күнү көрсөтүлөт деп айтылды эле, эми ал – 12-майда Амстердамда жана 17-май күнү Мадриддеги фестивалдарда дагы көрсөтүлмөй болду.

447