7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Өзгөндөгү айланма жолдун курулушун тик учак менен көрүп чыкты

389
Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшүн тик учактан көрүп чыкты. Тийиштүү тараптардан маалыматтарды алып, тапшырмалар берилди.

«Айрымдар бизди тик учакка түшүп алып ойноп жүрөт деп ойлойт. Андай эмес. Кечээтен бери тамак жей элекмин, себеби убакыт жок. Таң атпай Баткенге учуп кеткенбиз. Эл күтүп калды деп ал жактан дароо Кара-Сууга келдик, андан кийин Ошко барабыз дагы жыйналыш өткөрүп коюп кайра кетебиз«, — деди Ташиев.

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолунун узундугу 14 чакырымды түзөт жана 2 көпүрө, 10 мал жандык өтүүчү өтмөктөр камтылат. Курулуш иштери ушул жылдын аягында аяктап, пайдаланууга берилет. Ташиев тик учакта Жалал-Абад шаарындагы жургүзүлүп жаткан курулуш иштерин да көрүп чыкты.

390