7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда «Кылым карыткан даамдардын жолугушуу жери» аттуу программа уюштурулду

484

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын колдоосу менен 21-майдан 27-майга чейинки Түрк ашканасы жумалыгына карата президенттик комплексте «Кылым карыткан даамдардын жолугушуу жери: жети аймакта түрк ашканасы» программасы өтүп жатат.

Эмине Эрдоган программанын ачылышында сөз сүйлөп, миңдеген жылдар бою береке чачып келаткан Анадолу адамзаттын, цивилизациянын жана маданий өнүгүүнүн очогу экенин белгиледи. Ошондой эле, ал аймакка таандык тамак-аштардын алгачкы даамы бүгүнкү күнгө чейин өзгөрүүсүз сакталып келе жатканына токтолду.

Көргөзмөгө 21 аймактын продукциясы коюлду. Иш-чаранын фойе аянтында, Европа Биримдигине катталган 21 аймактын продукциясын камтыган стенддер орун алды. Көргөзмөдө Газиантеп баклавасы, Айдын инжири, Малатия өрүгү, Айдын каштаны, Милас зайтун майы, Байрамич ак, Ташкөпрү сарымсак, Гиресун толмоч фундук, Антакья кунефе, Суруч анар, Чаглаянжерит жаңгагы, Гемлик зайтуну, Эдремит зайтун майы, Милас майы, Аяш помидору, Эдремит булуңунун жашыл чийилген зайтундары, Мараш тарханасы жана Эзине сыры коюлду.

Аталган даамдар маданият, туризм жана экономика сыяктуу көптөгөн тармактарга таасир берип, кошумча нарк жаратып келет. Көргөзмө 1 айга чейин уланат.

485