7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси өтөт

5

Бишкекте 23–25-октябрда «АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсүн жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкесин өткөрүү пландалууда.

Иш-чараларга даярдык көрүү маселелери суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгы алдында өткөн «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын координациялык кеңешинин жыйынында талкууланды.

Мындай иш-чараларды өткөрүү ата мекендик фермерлерди колдоого, айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Жыйында ошондой эле фермерлерди колдоо, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча демилгелер каралды.

Жактырылган жана колдоого алынган долбоорлордун катарында — өлкөнүн түштүк аймактарына социалдык багыттагы баалар менен 10 миң тонна минералдык жер семирткичтерди жеткирүү жана Чүй облусунда эт кластерин түзүү бар.

6