7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады

6

Президент Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында мамлекет башчысы 8-октябрда Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышты.

Саммитте сүйлөгөн сөзүндө президент аймактагы өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү менен ажырагыс байланышта болгон мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча лидерлер биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Андан соң Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды.

9-октябрда президент КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышып, 2028-жылы кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө лидерлери 13 документ кабыл алышты.

Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Бишкекке кайтып келди.

7