Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлык салык системасын өркүндөтүүгө, ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүгө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Документтин негизги максаты — мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылуу жана салык милдеттенмелеринен качуу схемаларын уюштурган адамдарды аныктоого басым жасоо.
Жарлыкта салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча бир катар чаралар каралган, анын ичинде:
• ак ниет эмес салык төлөөчүлөрдүн реестрин түзүү,
• жалган электрондук эсеп-фактураларды пайдалангандыгы жана бизнести башка адамдардын атына каттагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө,
• бизнести иш жүзүндө башкарган адамдарды (иш жүзүндөгү бенефициарларды) жоопкерчиликке тартуу чаралары бар.
• өз атына юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоого ыктыярдуу түрдө тыюу салууга мүмкүндүк берген «өзүнө-өзү тыюу салуу» механизмин киргизүү,
• ишеним каттарды жана квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонууга көзөмөлдү күчөтүү,
• салыктык башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын мындан ары санариптештирүү жана интеграциялоо.
Ошондой эле ишкерлерди укук коргоо органдарынын алардын финансылык-чарбалык ишине негизсиз кийлигишүүсүнөн коргоого өзгөчө көңүл бурулган. Бул багытта салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыш иштерине карата прокурордук көзөмөлдү жана ведомстволор аралык контролду күчөтүү белгиленген.
Жарлыкта салыктык башкаруунун негизги принциптери катары мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү, белгиленген жол-жоболорду сактоону жана салык төлөөчүлөрдүн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоону камсыз кылуу каралган.
Аталган чараларды ишке ашыруу салыктык климатты жакшыртууга, ишкердикти өнүктүрүүгө, салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун арттырууга багытталган.



