7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат Алишер Козуев Кашкар-Кыштактагы мектептин спорт аянтчасынын ачылыш аземине катышты

6

Жогорку Кеңешинин депутаты Алишер Козуев Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагына караштуу Кашкар-Кыштак айылындагы №83 Алишер Навои атындагы орто мектептин спорт аянтчасынын ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Чыңгыз Бапаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана тургундар күбө болушту.

Ачылыш аземинде депутат Алишер Козуев спорт аянтчаларынын жаш муундарды тарбиялоодогу маанисине токтолуп, балдардын жана жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүү алардын ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образын калыптандырууга жана келечекте мыкты спортчулардын өсүп чыгышына жол ачарын белгиледи.

Ошондой эле мындай демилгелер мектеп окуучулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу спорттук чөйрөнү түзөрүн айтып, долбоорго салым кошкон бардык жарандарга жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

7