Экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Иран киносунун жумалыгы өтөт. Кирүү акысыз. Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кинофестиваль 11-15 июнда уюштурулат.
Иш-чарада ирандык режиссерлордун 5 тасмасы көрүүчүлөргө тартууланат:
12 июнь:
— 13:30 — «Алдын ала келишим жок» (2022), режиссёр Бехруз Шоайби;
13 июнь:
— 10:30 — «Капитан» (2023), режиссер Мохаммад Хамзеи;
— 13: 00 — «Факультеттеги экинчи курсум» (2019), режиссёр Расул Садыр Амели;
14 июнь:
— 10: 30- «Дельфин бала» анимациялык тасмасы (2022), режиссёру Мохаммад Хейрандиш, Андрей Гоголев;
— 13: 30 — «Кыздар тобу» (2022), режиссёр Монир Гейди.