Өлкөдө мектеп, бала бакча жана аларга чектеш аймактарда 14 жашка чейинки балдарга кооптуу жана тиешелүү документтери жок товарларды саткандарга айып пул салуу сунушталууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов демилгелеген мыйзам долбоору 9-октябрда коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоор балдардын ден соолугун коргоону күчөтүү, билим берүү уюмдарында жана аларга чектеш аймактарда балдар үчүн арналган товарларды сатууга мамлекеттик көзөмөлдөө механизмдерин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Документке ылайык, талаптарды бузган жеке жактарга 20 миң, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул каралат.



