7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда поезд кырсыкка учурап, 70тей адам жараат алды

720

Россиянын түндүк-батышындагы Коми Республикасынын Инта шаарына жакын жерде жүргүнчү ташыган поезддин тогуз вагону рельстен чыгып кетип, кеминде үч адам каза болду. Дагы 70тей киши жараат алды.

232 жүргүнчүсү бар 14 вагондон турган поезд Воркутадан Новороссийскти көздөй бара жаткан. Кырсыкта жаракат алган 14 адам Интадагы ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен бешөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Рельстин чыгып кетүүсүнө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам темир жолдун айрым бөлүктөрүнүн жуулуп кеткендиги себеп болгондугу болжолдонууда.

 

721