Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткен. Бул окуя тууралуу ТИМ маалымат берди.
Кырсык 26-июнда саат 06:50лөр чамасында болгон. 17 жаштагы кыз көп кабаттүү үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулаган. Ал Алматы шаарына 21-майда туугандары менен барган.
Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери каза болгон кыздын туугандары менен байланышууда. Бүгүнкү күндө тиешелүү органдардан анын сөөгүн алып кетүүгө уруксат алынды.