7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кубанычтуу кабар! Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданы жеңиш менен баштады

320

Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады.

Сейитбек уулу 57 кг салмакта күч сынашууда. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, кубалык Орта Родригес менен кез келди. Беттештин жыйынтыгы менен калыстар Мунарбек Сейитбек уулун жеңүүчү деп тапты.

Эми ал чейрек финалда америкалык Жамал Харви менен беттешет. Таймаш 3үнөн 4-августка караган түнү саат 00:00до болот.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

321