1-августта тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +34…+39, Талас аймагында +31…+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл жергесинде 27…32, Нарын өрөөнүндө +28…+33 градус болот.
Бишкекте жана Ош шаарында термометр +37…+39, Чолпон-Атада +26…+28 градусту көрсөтөт.