7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Олимпиадада күмүш уткандарга 10 млн сом, коло алгандарга 7 млн сом берилет

439

Париждеги Олимпиада оюндарында күмүш уткан спортчуларга 10 млн сом, коло байге алгандарга 7 млн сом бериле турган болду.

Олимпиадада күмүш байге тагынган балбан кыз Мээрим Жуманазарова жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулу 10 млн сомдон алат.

Ошондой эле коло медаль жеңген Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбековго 7 млн сомдон берилет.

Андан тышкары спортчулардын машыктыруучуларына, дарыгерлерге да акчалай сыйлык тапшырылат.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы мыйзам боюнча Олимп оюндарында алтын алган спортчуларга 10 млн сом, экинчи орунга 7 млн жана үчүнчү орун үчүн 5 млн сом каралганын айтылган.

440