7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мас айдоочу кармалды

580

Катуу ылдамдыкта айдап бараткан мас айдоочу кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишеним номуруна жарандар белгисиз айдоочу мас абалында унаа башкарып жүргөндүгү боюнча маалымат жөнөтүшкөн.
Бул маалымат боюнча ЖКККББнын кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүү менен “Hyundai” үлгүсүндөгү авто унаанын 1984-жылы туулган К.Д. аттуу айдоочусун мас абалында кармашып, авто унаасын айып короо жайына токтотушкан.

Эми бул айдоочу соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесине кайдигер карабай эреже бузууларды бизге жөнөтүп, жол кырсыктарынын алдын алууда  көмөктөшүп жаткан жарандарга терең ыраазычылыгын билдирет.

 

 

581