7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаныбек Кулумбетов: Туризмден мамлекетке түшкөн кирешени 2 эсеге ылдам эле көбөйтсө болот

596

Жашыл экономика жана энергияны үнөмдөө боюнча адис Жаныбек Кулумбетов: Туризмдин Кыргызстанда кеңири өнүгүшү менен алдыңкы технологиялар дагы колдонула баштады. Мисалга, Алайда тоонун башында, Талдык ашуусунан алыс эмес жерде эки боз үй түрүндө жаңы глэмпинг курулду, ал эс алуу жайы толугу менен өз алдынча аракеттене алат. Суу ошол жердеги кичине булактан алынат ал эми электр жарыгы жана жылытуучу системалар – күн нуру жана шамалдын күчү менен иштейт.

Мындай жаңыча иштеген жана экологияга зыян тийгизбеген ыкма менен аракеттенгендер мамлекет тарабынан колдоого алынса жана аларга салык жагынан кандайдыр бир жеңилдиктер берилсе, кыргыз ишкерлери ылдам эле дүйнөдөгү баардык жаңылыктарды өздөштүрүп, туризмди мындан да жогору деңгээлге көтөрүп кете алат. Азыр мамлекет казынасына туризмден жылына бир миллиард доллардай акча тушүп турат, адистердин айтымында, бул көрсөткүчтү оңой эле 2 эсеге көбөйтсө болот.

597