7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улан-Батордо Кыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары жолугушту

500

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Улан-Батордо өтүп жаткан “Жашыл келечек жолунда” аттуу Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышуунун алкагында Монголиянын Президентинин жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен жолугушту. Биринчи айымдар эки элдин ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун келечегин талкуулашты. Лувсандоржийн Болорцэцэг Кыргызстандын Биринчи айымы менен жылуу учурашып, Айгүл Жапаровага Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышууга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал тараптар эки өлкө ортосундагы салттуу достукту мындан ары да бекемдей берээрине ишенимин билдирди. Өз кезегинде Айгүл Жапарова аталган форумга катышууга чакыргандыгы үчүн, ошондой эле дос Монгол жергесинде кыргыз делегациясына көрсөтүлгөн жылуу меймандостугу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

501