Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Улан-Батордо өтүп жаткан “Жашыл келечек жолунда” аттуу Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышуунун алкагында Монголиянын Президентинин жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен жолугушту. Биринчи айымдар эки элдин ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун келечегин талкуулашты. Лувсандоржийн Болорцэцэг Кыргызстандын Биринчи айымы менен жылуу учурашып, Айгүл Жапаровага Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышууга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал тараптар эки өлкө ортосундагы салттуу достукту мындан ары да бекемдей берээрине ишенимин билдирди. Өз кезегинде Айгүл Жапарова аталган форумга катышууга чакыргандыгы үчүн, ошондой эле дос Монгол жергесинде кыргыз делегациясына көрсөтүлгөн жылуу меймандостугу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Дагы оку
Талас менен Кара-Балтанын фермерлери Lexus 470 жолтандабасы менен асыл тукум койлорду башма баш алмашышканын Turmush басылмасы жазды. Арашан тукумундагы 20
Президент Садыр Жапаров “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу дин боюнча мыйзамга кол койгонун билдирди. «Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн дин боюнча мыйзамга кол
Президент Садыр Жапаров Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу
Американын Түндүк Каролина штатынын борбору Ролиде Түрк дүйнөсүнөн чыккан туңгуч Нобель сыйлыгынын лауреаты, атактуу окумуштуу Азиз Санжарга “Түрк маданиятынын элчиси”
18-январда Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан түзүлгөн трансулуттук кылмыштуу топ, Ош шаарындагы кафелердин биринде Кыргызстанга аткезчилик жол менен алынып келинген 0,5