7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Вьетнамдын президентине көңүл айтты

547

Президент Садыр Жапаров Вьетнам Социалисттик Республикасынын президенти То Ламга “Яги” тайфунунун кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Вьетнамда “Яги” тайфун апаатынан көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

 

548