7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кетти

424

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Келечек Саммитинин ишине катышып, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын талааларында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, жана бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев;

— Президенттин Администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Бакыт Сыдыков;

— Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.

425