Президент Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, эки күндүк иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен таанышат.



