Кечээ, 10-октябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер кыртышы активдешкени тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде ӨКМдин №66 бөлүмүнүн куткаруучулары иш алып барды.
Алдын ала маалымат боюнча тилкеде 4 турак үй бар, экөөндө жашоочулар жашаган. Коопсуздук үчүн 2 үй-бүлө — 11 адам туугандарынын үйүнө эвакуацияланган.
Учурда жеринде ӨКМден 10 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү бийлик жана тургундар иштеп жатат. Кырдаал көзөмөлдө.



