Орусияга каршы санкция киргизген АКШ өзү экономикалык кызыкчылыгына келгенде дизель отунуна байланыштуу чектөөлөрдү жеңилдетүүгө даяр. Анда эмне үчүн Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргоого аракет кылса, санкциялар менен коркутушат?
Атай Бейшенбек санкциялардын тобокелчилигин танбайт, бирок аларды мамлекет үчүн “айыккыс оору” катары көрсөтүүгө каршы. Анын пикиринде, ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргоого укуктуу.
“Башкалар өз кызыкчылыгын коргоп иштешсе туура, биз оокат кылсак коркунучтуу болуп калабы?”,- деп суроо салат ал.



