Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 340 Жарлыгы менен бир эле маселени жөнгө салуучу ченемдик көрсөтмөлөрдүн кайталануусун жана ашыкча болушун болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгынын айрым абзацтарын күчүн жоготту деп таануу каралган.
Мында көрсөтүлгөн абзацтарда каралган талаптардын колдонулушу токтотулбайт, анткени Кыргыз Республикасынын Тоо-кен кодексин иштеп чыгуунун актуалдуулугунун жоктугуна байланыштуу тиешелүү талаптар Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына киргизилген. Ошентип, көрсөтүлгөн абзацтардын жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү ченемдерди киргизүү аркылуу ишке ашырылган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштетүү укугун берүү уставдык капиталындагы үлүштөрдүн 100 пайызы мамлекетке таандык болгон улуттук тоо-кен компаниялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мындан тышкары, жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестрине киргизилбеген жер казынасынын участоктору уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан иштетилет.



