7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аз камсыз болгон жарандардан пара талап кылган кызматкер кармалды

396

Жалал-Абад облусунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкери жарандардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Базар-Коргон районунун жашоочуларынан бир нече жолу арыз жана даттануулар келип түшкөндүктөн, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы туруктуу акча чогултуу системасына бөгөт коюлду.

19-сентябрда аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О.З. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал социалдык жөлөкпулдарды, тактап айтканда, «Үй бүлөгө көмөк» төлөмдөрүн төлөө маселелерин тездетүү жана оң жагына чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын аз камсыз болгон жарандарынан пара талап кылган.

Ошол эле учурда мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун видео камерага тартылган.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилигинин аталган фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилет.

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

 

397