7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад милициясынын башчысы ардагерлерди куттуктады

488

Бүгүн 1-октябрда  Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков менен биргеликте, Жалал-Абад  облусундагы ИИОда кызмат өтөгөн  ардагерлерден кабар алышты.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов, ИИОда 30 жылдан ашуун кызмат өтөгөн Муратбек Сооронбековду азыркы учурда эмгектенип жаткан окуу жайына барып  куттуктап, Кыргыз Республикасынын ИИМдин медалын жана акчалай белегин  тапшырып, иштерине ийгиликтерди жана  ар дайым ден соолукта болуп, өзүнүн тажрыйбасы менен жаштарды  тарбиялап жүрө берүүсүн каалады.

Андан соң  кызматын, ден соолугун, кыргыз милициясына арнаган ИИОнын ардагери Муратали Абдиевди куттуктап үйүнө барды. Ошондой эле күнүмдүк турмуш тиричилигине керектелүүчү  азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөтүп, ага ден-соолук жана бактылуу карылыкты каалады.

 

 

 

 

489