Мурдагы Бишкектеги «Октябрдын 40 жылдыгы» тигүү фабрикасынан мамлекеттик менчиктин айрым объекттерин аффилирленген жактар тарабынан К.Көлбаевдин пайдасына мыйзамдардагы тартипти бузуу менен чыгаруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Козголгон кылмыш иштин алкагында 2004-жылы аталган ишкананын балансынан ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам жол – жоболорун бузуу менен жалпы аянты 13 000 чарчы метр болгон ири өнөр жай объекттери «Рос-Трейд» ЖЧКсынын (азыркы «Детский Мир» соода борбору) пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган. Анын директору А.М.С.- А.А. аттуу жарандын ишенимдүү адамы болгон.
2009-жылы А.М.С. «Детский мир » соода борборунун жалгыз ээси болууну каалап, А.А.дан баш тартып, К. Көлбаев менен кызматташкан. Мында «Рос-Трейд» ЖЧКсынын үлүшүнүн 50%ы жана аянты 2900 чарчы метр коммерциялык жайлары бар 3 кабаттуу имарат берилген.
Ал эми 2020-жылы А.М.С. аянты 10 000 чарчы метр болгон «Детский мир» соода борборунун имаратын Н.М.Р. аттуу инвесторго 6 млн. АКШ долларына сатып, келишимге ылайык аталган сумманын 2,3 млн. АКШ доллары К.Көлбаевге берилген.
Тиешелүү тергөө иштеринин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Көлбаев деструктивдүү ишмердүүлүгүн А.М.С. тарабынан каржылоо фактысын тастыктаган маалыматтар алынган.
Мындан улам, иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.Көлбаевдин аффилирленген жактары менчиктин мыйзамсыз экендигин түшүнүп, ыктыярдуу негизде 3 кабаттуу, аянты 2900 чарчы метр жана наркы 900 млн. сомдон ашык имаратты мамлекеттин балансына өткөрүп беришти.
Кылмыш ишинин алкагында А.М.С. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча атайын тергөө иштери улантылууда.
УКМК акча каражаттарын, предметтерди, буюмдарды жана башка мүлктөрдү берүү же чогултуу, мүлккө укуктарды же мүлктүк мүнөздөгү пайдаларды берүү, ошондой эле кайрымдуулук жардамдары, алмашуу, УКТга маалыматтык жана башка түрдөгү финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.