7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы алмашты

461

Бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейинде Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун Х съезди болуп өттү. Жалпысынан съездге журналисттер союзунун ардагер мүчөлөрү жана коноктор чакырылды. Съездин ишине КРнын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев да катышты. Иш-чарада КРнын журналисттер союзунун төрагасы А. Султанбаевдин отчеттук мезгилде аткарылган иштери жөнүндө баяндамасы угулду. Ал өз сөзүндө аткарылган иштерге жана алдыдагы милдеттерге токтолду.

Журналисттер союзунун дарегине жылуу пикирлер менен катар, жүйөлүү сындар айтылышы мыйзам ченемдүү экендигин белгилеп, уюмдун сөз эркиндигин коргоо жаатындагы жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоо, ЖМКнын таламын жактоо, журналисттердин чыгармачылыгын арттыруу багытындагы иштер жөнүндө айтып кетти. Съездде чыгып сүйлөгөндөр журналисттер союзунун ишмердүүлүгүнө баа берүү менен анын дурус жана буруш жактарын да баса белгилеп өтүштү. Журналисттер союзу каржылык тартыштыкка карабастан, бир катар иш-чараларды — конференцияларды, семинарларды өткөргөндүгүн, журналисттердин биримдигин камсыз кылууга жетишкендигин, уюмду ушул күнгө чейин сактай алгандыгын баса белгилешти.

Өткөндөгү иштерден сабак алып, журналисттер союзунун эртеңки келечеги, аткара турган милдеттери жөнүндө айтуу керектигин билдиришти. Журналисттер союзу учурдун эң маанилүү маселелерине көңүл буруу, сөз эркиндигин жана журналисттердин укугун коргоо жаатында таасирдүү, ыкчам аракеттерди көрүү зарыл экендигин айтышты. Журналисттер союзу кесиптештер арасындагы биримдикти жана тилектештикти коргоо жана сактоо боюнча иштерди активдештирүү, эл аралык уюмдар менен байланышты чыңдоонун зарылдыгы жөнүндө да кызуу талкуулар орун алды.

Султанбаев узак жылдар бою көрсөтүлгөн зор ишенимге ыраазычылыгын билдирип, өз эрки менен журналисттер союзунун төрагалыгынан кетүү оюн билдирди. Талкуулаганган күн тартибиндеги маселе боюнча, тийиштүү резолюция жана Кыргызстан журналисттерине кайрылуу кабыл алынды. Съездде Кыргызстан журналисттер союзунун жаңы төрагасы болуп, Жалпыга маалымдоо каражаттарында көп жылдар бою үзүрлүү иштеп келе жаткан, учурда 7-каналдын башкы директору болуп эмгектенген, Балташев Илязбек Алтынбекович шайланды.
Анын талапкерлиги съездин делегаттарынын жалпы кубаттоосуна ээ болду. Жаңы шайланган журналисттер союзунун төрагасы өз сөзүндө уюмдун ишин жандандырууга, мезгилдин чакырыктарына жараша иш жүргүзүүгө, журналисттердин укугун жана сөз эркиндигин коргоо боюнча активдүү аракеттерди көрө тургандыгын баса белгиледи.

Съездде 15 кишиден турган журналисттер союзунун жумушчу органы — Кеңештин курамы да бекитилди. Журналисттер союзунун Х съездинин ЖМК өкүлдөрүнө болгон кайрылуусу да кабыл алынды. Анда чыгармачылык уюм өзүнүн милдеттерин талаптагыдай жүзөгө ашыруу жана журналисттер менен ишти активдүү жүргүзүүгө биргелешип аракеттенүүгө болгон чакырыктар айтылды.

Ошондой эле, Журналисттер союзун, узак мезгилдер бою жетектеген А. Д. Султанбаевге терең ыраазычылык билдирилди. Анын тажрыйбасын колдонуу жана пайдалануу максатында журналистикага сиңирген эмгектерин эске алып, Журналисттер союзунун Ардактуу төрагалагына сунушталды. Бирок Султанбаев “Ардактуу төрагалыктан” баш тартты.

 

462