Бишкекте ысырапкорчулукка жол бербөө маселесин талкуулаган жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Ага маморгандардын, муфтияттын өкүлдөрү жана кафе, чайкана, банкеттик залдардын ээлери катышты. Жыйында үй-бүлөлүк салтанат, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды ысырапкорчулук менен өткөрүүнү пландагандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу сунушталды.
Ошондой эле, каада-салттарды жана ырым-жырымдарды катуу тартипке салуу, коомдун руханий адеп-ахлагын калыптандыруу тууралуу кеп козголду. Кафе-ресторандардын өкүлдөрү бул багыттагы иш-чараларды колдошту.
Соңунда ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.