7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Нарында төрөлгөн үч эмдин үй-бүлөсүнө 3 бөлмөлүү батир тапшырды (ФОТО)

416

Бүгүн, 4-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында 25-октябрда төрөлгөн 3 эмден кабар алды.

Ташиев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барып, үч эмдин ата-энеси Эрбол Карагулов жана Алтынай Майрамбековага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.

Үч эмге Ажар, Саадат, Анара деген ысымдар ыйгарылган. 24 жаштагы Алтынай Майрамбекованын жана анын ымыркайларынын абалы учурда туруктуу экени айтылып, Ташиев аларга бардык керектүү шарттар түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле, наристелердин саламаттыгын көзөмөлгө алууну жана аталган үй- бүлөдөн кабар алып турууну тийиштүү тараптарга тапшырды.

Өз кезегинде 3 эмдин ата-энеси президент Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

417