7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ак-Кула» ат майданынын ордуна турак жайлар жана соцобъекттер курулат

376

Бишкек шаарынын мэриясында мурдагы «Ак-Кула» ипподромунун аймагын өткөрүп берүү боюнча “РЦА Ливинг” ЖЧКсы менен келишимге жана макулдашууга кол коюлду.

Келишим боюнча жер тилкесин 49 жылга пайдалануу үчүн шаардык бюджетке 5,8 млрд сом өлчөмүндө төлөм каралган.

Ошондой эле 3,5 млрд сом суммасында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү менен 3 мектеп, 3 бала бакча, парк зоналары, жолдор жана тротуарлар курулат. Эски ипподромдун ордунда заманбап турак жайларды, бизнес борборлорду салуу да пландалууда.

Инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 87 млрд сомду түзөт. Мындан тышкары, инвестор шаардын башкы планын иштеп чыгууга каражат бөлүүдө. Натыйжада муниципалитетке 10 млрд сомго чейин киреше түшөт.

377