7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакуда Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюлду

360

Баку шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюу аземи өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара улуу жазуучунун туулган күнүнүн астында Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулду.

Иш-чарага Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов, ошондой эле эки өлкөнүн достук депутаттык топторунун жетекчилери: КР Жогорку Кеңешинин депутаты Саидбек Зулпуев жана Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты Муса Гулиев катышты.

Элчилик тарабынан уюштурулган бул иш-чара Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине болгон терең урмат-сыйдын белгиси болуп, анын чыгармалары дүйнөлүк адабиятка жана Кыргызстан менен Азербайжандын маданий байланыштарын чыңдоого кошкон баа жеткис салымын дагы бир жолу баса белгиледи.

361