7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ башчысы Кыргызстан Казакстанга кошумча күч жөнөтүүгө даяр экенин билдирди

440

Кыргызстан учак кырсыгындагы куткаруу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн Актауга кошумча күч жана каражаттарды жөнөтүүгө даяр экенин ӨКМдин башчысы Бообек Ажыкеев билдирди. 

«Мен Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Чингис Сайранович жана Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министри Камаледин Фаттахович менен тыгыз байланыштамын. Биздин куткаруучулар кырсыкка байланыштуу жардам көрсөтүү үчүн толук даярдыкта турушат. Зарылчылык жаралса, кошумча күчтөрдү жана ресурстарды жөнөтүүгө даярбыз. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү органдар менен биргеликте кырсыктын бардык жагдайларын тактап, жарандарыбызга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди улантууда. Кошумча маалымат алуу үчүн ишеним телефондору: 8 7292 31-90-99, 112 (Казакстан)»,- деди Ажыкеев.

Эскерте кетсек, бүгүн 25-декбарда Бакудан Грозныйга бараткан учак Казакстандын Актау шаарында кулап түшкөн. Учурда 15 адам ооруканада, анын ичинен 5и реанимацияда. Дагы 6 адам ооруканага жеткирилүүдө. Жалпысынан 28 адам жабыркаганы такталды.

441