7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КР ӨКМи актауда жабыркагандарды коштоп, Бишкекке алып келе жатат

343

Казакстандын Актау шаарында катталган авиакырсыктан жабыркаган кыргыз жарандарыбызды мекенге кайтаруу үчүн жөнөтүлгөн учак Актау шаарына бүгүн саат 20:50дө конду.

Учурда полковник Асанов Алмазбек жана ӨКМдин өзгөчө кырдаалдар медицина кызматынын директору Боталиев Азат жабыркаган жарандарыбызды мекенге жеткирүү алдында дарыгерлер тобуна жана учактын экипажына коопсуздук жана медициналык стандарттар боюнча инструктаж өткөрүштү.

Алар учуу учурунда жабыркагандарга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү жана бардык коопсуздук чараларын сактоо боюнча тапшырмаларды беришти.

Жабыркаган жарандарыбыз атайын жабдылган учак менен эртең саат 01:00дө Бишкекке конушу күтүлүүдө.

344