7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов авиакырсыктан жабыркаган мекендештерден кабар алды

516

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектеги Улуттук госпиталга барып, Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган жарандардан кабар алды.

«Ушундай трагедиялуу кырдаалда мекендештерибиздин аман калганына биз абдан кубанычтабыз.Оор учурларда куткаруу иштерине катышып, жарандарыбыздын камын көргөн боордош казак элине терең ыраазычылык билдиребиз. Дарыгерлер аларды транспортировка кылууга уруксат берер замат президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жабыркагандарды мекенге алып келүү үчүн атайын учак жөнөтүлдү», — деп белгиледи министрдин орун басары.

Байсалов ошондой эле бул авиакырсыктан жарандардын курман болгондугуна байланыштуу боордош өлкөлөргө чын жүрөктөн көңүл айтты. Ал кыйын ушундай кыйын учурларда биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара жардамдын жана колдоонун маанилүү экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, учурда жабырлануучулардын экөө Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүндө дарыланууда, абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Ал эми, үчүнчү бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө реанимацияда тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

517