7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жылгаяк тебүүдө алгач коопсуздукту эске алыңыз!

402

Учурда ӨКМдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыш мезгилинде муз үстүндөгү коопсуздукту сактоо максатында үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө.

Бул жолу ӨКМдин Түп району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Түп айылында суу жээтеринде уюштурулган муз аянтчасынын ээсине жана муз тебүүчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анда муз аянтчасын иштетүүчү жарандар Өкмөттүн тийиштүү токтому менен тааныштырылып, жылгаяк аянтчаларын уюштуруу аба ырайына көз каранды экендиги жана аба температурасынын жогорулашы менен муз ээрип кооптуу жагдай жаралары эскертилди.

Ошондой эле куткаруучулар муздун калыңдыгын текшерип көрүшүп, эс алуучуларды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды. Жылгаяк тебүүчүлөргө муз үстүндө жүрүү боюнча нускамалоочу баракчалар таркатылды.

403