7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда катуу шамал оорукананын терезесин талкалап, 2 адам жабыркады

353

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бүгүн, 23-январда саат 06:22 чамасында ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге чейин жеткен катуу шамал болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Шамал Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатырын учуруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезесин сындырып кеткен. 1992-жылкы аял жана 2023-жылы туулган кичинекей бала жабыркаган. Учурда абалдары туруктуу, дарыгерлердин кароосунда.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден ыкчам топ тартылды. Ошондой эле шаардык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.

 

 

354