7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында Азиянын мыкты балбаны аталды

346

Айсулуу Тыныбекова 2024-жылдын жыйынтыгы менен кыз-келиндер арасында Азиянын мыкты балбаны деп табылды. Бул тууралуу Азия күрөш федерациясы UWW Asia рейтингинде белгилүү болду.

31 жаштагы спортчу Олимпиада оюндарына төрт жолу катышып, Токио Олимпиадасында күмүш утса, былтыр Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль алган. 2012-жылы Лондон Олимпидасында 13-орунду, Рио-де-Жанейро Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) аны кыз-келиндер күрөшү боюнча 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан.

347