7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гимндин текстине жана музыкасына жарыяланган сынак узартылды

278

Мамлекеттик гимндин текстине жана музыкасына жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартылды. Бул боюнча 17-февралдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин отурумунда токтом кабыл алынды.

Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин айтымында бүгүнкү күнгө чейин композитор, акын жана чыгармачыл жамааттардан 16 кайрылуу кабыл алынса, электрондук дарекке 234 жарандан 401 кайрылуу келип түшкөн. Бугай ылайык мекемелер аралык комиссия депутаттарга токтомдогу мөөнөтү узартууну сунуштаган.

Эске салсак гимдин текстине жана музыкасына 20-мартка чейин республикалык сынак жарыяланган эле. Анда министрлик биринчи орунга 1,5 миллион сом убадалаган. Токтомго ылайк, мекемелер аралык комиссия депутаттарга жаңы гимндин үч вариантын бериши керек. Андан соң эл өкүлдөрү жыйынтыктоочу вариантын тандап, бекитишет.

279